Саясат

Жаш дарыгерлерге айлыкка кошумча 20 миң сомдон берилет

Жаш дарыгерлерге стимул берүү үчүн 20 миң сомдон атайын төлөмдөр киргизилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, бүгүнкү күндө жаш дарыгерлер жетишсиз. Алыскы же бийик тоолуу аймактарда эле эмес, керек болсо, облустук борборлордо да жаш медиктер жокко эсе.

“Практикадан өтүп жаткан клиникалык ординаторлорду жана интернатурадагы дарыгерлерди тартуу жана аларга стимул берүү үчүн 20 миң сомдон атайын төлөмдөрдү киргизүүнү милдеттендирдим. Бишкек жана Ош шаарларынан башка республиканын аймактарында дарыгерлердин жетишсиздигин эске алуу менен чукул чара катары педиатрларга, неонатологдорго, хирургдарга, анестезиологдорго жана реаниматологдорго 20 миң сом өлчөмүндө кошумча айлык төлөм киргизүүнү да тапшырдым”, — деди президент.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button