Коом

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 24-майда күндүз жана 25-26-майда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

«26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу экенин эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button