Кылмыш-кырсык

УКМК: Кыргызстанга 8 унааны мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду

Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Басма сөз борборунан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, М.З.Ж. аттуу КР жараны өзүнүн шериктери менен 8 даана автоунаага жасалма документтерди колдонушуп, Кыргызстандын аймагында андан ары легалдаштыруу жана сатуу үчүн «Каркыра-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылышкан.

Атайылап жасалма документтерди колдонуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган М.З.З. аттуу жаран Каракол ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button