Коом

Бактияр Алиев: Кыргызстанда педофилия боюнча соттолгондор пенсия албайт

Кыргызстанда педофилия боюнча соттолгондор пенсия албайт. Бул тууралуу  Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, президент мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, пенсия чегерүүгө жана төлөөгө, анын ичинде пенсияны ишеним кат аркылуу төлөөгө тыюу салынган адамдардын чөйрөсү соттун өкүмү күчүнө киргенден тартып жаза өтөөдөн бошотулганга чейин кеңейтилген. Эми анын курамына баланын жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн соттолгондор да кирет.

“Учурда мыйзам алдындагы актыларды даярдап жатабыз жана бир айдын ичинде бул норма күчүнө кирет”, — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button