Коом

ИИМ: Таласта келинди эки баласы менен өлтүрүү фактысы катталды

2024-жылдын 24-май күнү саат 00.37 чамасында 102 кызматына телефон аркылуу, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылындагы адам өлтүрүлдү деген маалымат түшкөн.
Тезинен окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурда 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул окуя Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ( адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп. Үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган.
Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары, буга чейин соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1976-жылы туулган К.Н. издеп табуу багытында ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпөө максатында чектөө коюлду.
Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.
Учурда, Талас ОИИБдин жана Айтматов РИИБнүн кызматкерлери жеринде шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө..
Кошумча маалымат берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button