Коом

Каныбек Туманбаев “Манас” турак жай комплексинде курулуштун жүрүшү менен таанышты. Видео

Бишкек шаарынын Маликов 91 дарегинде курулуп жаткан көп функционалдуу «Мурас» турак жай комплексинде курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Биринчи этаптагы 18 кабаттан турган 6 үйдүн курулушу күз айларына, андан соң дагы 5 үй бүткөрүлмөкчү. Учурда бетон иштери аяктап үйдү базальт менен жылуулап, сыртын каптоо иштери жүрүп жатат. Батирлериндин ремонту башталып, алгачкы батирлердин ремонту жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, «Мурас» турак жай комплексинде дээрлик 5 миңдей батир 3 этап менен курулат.  Бул үйлөр ипотека алууга кезекте тургандарга 4% жана 8%дан 25 жылдык мөөнөткө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында жарыяланып турган электрондук кезек менен ипотекага берилмекчи.

Эсиңиздерге сала кетсек, май айынын башында ушул эле объектте курулуштун экинчи этабы башталды. Курулуштун экинчи этабында 24 кабаттан турган дагы 11 курулмакчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button