КоомКылмыш-кырсык

ИИМ: Таластагы үч адамдын өмүрү кыйылган окуянын жагдайлары такталды

2024-жылдын 23-май түнү Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында үч адамды мыкаачылык менен өлтүрүү фактысы катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Бул өзгөчө оор кылмыш орун алган жерге, ички иштер органынын ыкчам-тергөө тобу барып, алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлгөн учурда төмөндөгүлөр аныкталган:

Шектүү жаран, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1976-жылы туулган К.Н., экендиги аныкталган.

Окуянын жаглайлары төмөндө чагылдырылат:
Өз убагында бир туугандар К.Н. жана К.М. ортосунда мүлк талашып, чыр болгон.
Бул чырдын натыйжасында, 2018-жылы шектүү К.Н. өз иниси К.М.ге бычак менен кол салып, өлтүрүүгө аракет жасаган. Бирок, көздөгөн аракети ишке ашпай калган.
Бул факт боюнча, ошол эле жылдын март айында, 1976-жылы туулган К.Н., Кара-Буура райондук сотунун чечими менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган.
2023-жылдын март айында, 1976-жылы туулган К.Н. Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыгып, пробациялык көзөмөл, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин пробация департаментинин Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктын Кара-Буура жана Манас райондору боюнча пробация органдарына жүктөлгөн.
2024-жылдын 23-май күнү саат болжол менен 23:00 чамасында 1976-жылы туулган К.Н. эски таарынычын эстеп, өч алууну көздөп, инисинин үйүнө барган.
Үйүндө, иниси К.М. талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган.

Ошол учурдан пайдаланып жана өч алууну көздөп барган К.Н. инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тараптка изин жашырып качып кеткен.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында зөөкүрлүк менен үч адамды өлтүргөн К.Н. кармоо учурунда жок кылынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button