Кеңеш

Адис татымалдардын ден соолукка таасирин айтты

Тамакка кошулган татымалдар даам чыгаргандан тышкары организмге да пайдалуу. Бул тууралуу диетолог Ирина Бережная Sputnik ридиосуна курган маегинде айткан.
Адис аларды өтө аз өлчөмдө колдонуу керектигин эскерткен. Татымалдарда табигый фитонциддер бар, ал зат вирустардын көбөйүүсүн алдын алат жана антибактериялык күчкө ээ.
«Татымалдарды дарылык үчүн да колдонсок болот. Мисалы, имбирди бал, лимон менен кошо пайдалансак кан тамырларды бекемдеп, кан жакшы жүгүрө баштайт. Ал эми куркума тамак сиңирүүгө, теринин өңүн жакшыртууга жардам берет, ичегидеги микробдор менен күрөшүүдө пайдалуу. Калемпир болсо кан тамырларды кеңейткендиктен адам ысый баштайт. Мындан тышкары, татымалдарда антиоксиданттык компоненттер бар», – деген Ирина Бережная.
Диетолог кумдай талкаланган татымалдарды албоого чакырган. Айтымында, мындай түрүн даярдоодо анын даамын жакшыртып, консерва катары сактоо үчүн натрий глутаматы кошулушу мүмкүн. Мисалы, калемпир алыш керек болсо тоголоктонгон түрүн алып, аны өзүбүз талкалап кошсок табигый даамы жана пайдасы сакталып калат.
«Татымалдарды күндө, бирок өтө аз дозада колдонуу сунушталат. Ал негизинен тамакка даам, жыт берип, өңүн табитти ачкандай көрсөтүү үчүн керек. Айрымдары, мисалы, сарымсак менен куркума ичти оорутушу мүмкүн. Организмди стресстик абалга келтирип, кан басымды көтөргөн татымалдар да бар», – деген Ирина Бережная.
Ал татымалдар жүрөк-кан тамыр, панкреатит, холецистит менен жабыркагандарга, ичеги-карында өнөкөт оорулары, ашказанында жарасы барларга зыяндуу экенин кошумчалаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button