КеңешКоом

Дарыгерлер жайкы туура тамактануунун эрежелерин тизмектеди

Жайдын аптабында организм стресске кабыларын Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.
Маалыматта дене тердеген сайын организмден керектүү микроэлементтер чыгып, жүрөк-кан тамыр системасына күч келери айтылат.
Адистер жайында туура тамактануу жана организмге жардам берүү жолдору менен бөлүштү:

суткасына 2-2,5 литр суу ичүү зарыл. Адатта таза суу, бал же жалбыз кошулган жылуу чай сунушталат. Күндө таңга маал бир стакан суу ичип оозду ачкан ден соолукка пайдалуу;

газдалган, таттуу суусундуктардан баш тартыңыз. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктер дагы сунушталбайт;

жайында жашылча, мөмө-жемиш көп жеңиз. Алар витаминдерге, минералдар менен антиоксиданттарга бай;

суу май, ашкөк, каймак кошулган салат жайкы рацион үчүн идеалдуу тамак деп саналат;

күндө йогурт, айран, быштак жеп туруңуз;

тузду азайтыңыз;

адам ысыкта кыйналып, жайында кара күч аз колдонулат. Андыктан калориясы аз тамак-аш жегенге аракет кылыңыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button