КоомМаданият

Дүйнөгө таанымал ырчы Мохаммад Юсуф Кыргызстанга келет. Видео

18-июнда “Ынтымак 2” сейил багында 2024-жылы Курман айт майрамына арналган масштабдуу иш-чара өтөт.  Иш-чара эч кандай коммерциялык максатты көздөбөйт. Аталган иш-чараны “Аль-Умма” кайрымдуулук фонду — Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын көмөгү менен уюштурууда.

Бул тууралуу аталган кайрымдуулук фонддон кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, негизги максат – борбор калаанын калкы жана коноктору үчүн жагымдуу жана майрамдык маанай тартуулоо. Мындай акция ар түрдүү конфессиялардын жана улуттардын өкүлдөрүнүн ортосунда достук мамилелерди орнотуу, ар түрдүү маданиятты жайылтуу, ошондой эле коомдогу тынчтык менен ынтымакты бекемдөөгө салым кошууга көпүрө болуп саналат.

Бул иш-чаранын башкы коногу чет элдик белгилүү эл аралык инсан – ырчы, популярдуу Нашид аткаруучусу – Мохаммад Юсуф болот. Ал өзүнүн дүйнөлүк турнесинде биринчи жолу биздин фонддун чакыруусу менен Кыргызстанга келет жана кыргыз элине кайрымдуулук концертин тартуулайт.

Иш-чаранын программасына төмөнкүлөр кирет:

— балдар үчүн майрамдык программа, ошондой эле артисттердин жана башкы чет элдик конок Мохаммад Юсуфтун аткаруулары.

Майрамдык программа 16.00 башталат. Көрсөтүүлөр менен негизги программа 18.00дө башталат.

Кирүү баары үчүн акысыз.

“Аль-Умма” фондунун директору, коомдук ишмер Элиана-Марьям Сатарованын айтымында бул иш-чара шаардыктарга жана конокторго майрамдык жакшы маанай тартуулайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button