Без рубрикиКоомМаданият

Эртең “Алыкул фест” АРТ фестивалы башталат

2024-жылдын 13-15-июнь күндөрү кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармаларын тектеш түрк элдерине жана кыргыз окурмандарына пропагандалоо, акындын өмүрү жана чыгармачылыгын кыргыз журтчулугуна кеңири тааныштыруу, анын туулуп-өскөн Панфилов районундагы Каптал-Арык айылындагы А.Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплексине экспонаттарды, адабий, илимий маалыматтарды кеңири топтоо, адабият жана маданият аркылуу Чүй облусунун аймагында туризмди кеңири жайылтуу максатында адабий, маданий, илимий чыгармалардын, сүрөт, скульптура, кол өнөрчүлүк сынактарын камтыган “Алыкул фест” Арт фестивалы өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Фестивалдын алкагында чыгармачыл ышкыбоздордун арасында атайын сынак жарыяланып, кыргыздын залкар акыны А.Осмоновдун чыгармаларын унутпай эскерүү жана жаңы муундун көркөм эстетикалык табитин тарбиялоо милдетин аркалайт.
Фестивалдын жыйынтыгы менен тандалып алынган адабий, илимий маалыматтар кеңири топтолуп, 2025-жылы өтө турган Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгын республикалык деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар башталмакчы.
Ал эми, “Алыкул фест” Арт фестивалынын сынактарында жеңүүчү деп табылган авторлордун эмгектерин “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана анын негизинде кабыл алынган ченемдик актыларга ылайык Музейдин фондуна кабыл алынмакчы.
Фествалдын программасы: (13-14- июнь күндөрү иш- чара А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында өтөт)
13-июнь
Фестивалдын ачылышы — 11:00
— А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын алдындагы акындын эстелигине гүл коюу менен башталып, Улуттук китепкананын фойесинде республикалык сүрөтчүлөр, скульпторлор союзунун кыл калемдеринин көргөзмөсү, А.Осмонов тематикасына арналган сүрөт көргөзмө, Улуттук китепкана тарабынан даярдалган акындын чыгармачылыгын изилдөөгө арналган сүрөт-китеп көргөзмөсү жана А. Осмоновдун музейи менен таанышуу болот. Иш-чаранын алкагында А.Осмонов тематикасында кыргыз кино искусствосунда даректүү тасмасы сунушталып, актер жана тасманы коюучу топ менен жолугушуу өтөт.
14-июнь
Фестивалдын Жобосуна ылайык сынактар өтөт.
— Алыкулга арналган ырлар;
-Алыкул Осмоновдун ырларына жазылган обондор жана мыкты аткарылган чыгармалар;
-Алыкулдун поэзиясынын башка тилдерге котормолору;
-Алыкулдун элесине арналган эссе-баяндар;
-ЖОЖ, колледж жана мектеп мугалимдеринин арасында А.Осмоновдун чыгармаларын окутуу боюнча илимий-методикалык иштелмелер;
-А. Осмонов жөнүндө жазылган соңку мыкты илимий макалалар;
— живопись;
-графика;
— скульптура номинацияларында сынактар өтөт.
15-июнь
Акындын туулуп өскөн айылындагы А. Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплексинде салтанаттуу иш- чара.
Анда Алыкул Осмоновдун үй музейи менен таанышуу болуп, кеңири программадагы концерт өтүп, фестивалдын алкагында өткөн сынактын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи орун алат.
Иш чаранын алкагында кыргыздын этно-тарыхын чагылдырган улуттук оюндарды көрсөтүү: бүркүтчүлөр, тайган салуу, төө менен кыргыз көчү, улуттук даам татым, сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, ар кандай мастер класстар коштолот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button