Кылмыш-кырсык
Милиция кызматкери жол кырсыгынан каза болду
Ош ШИИБдин маалыматына караганда, жол кырсыктан каза болгон Уланбек Кожомберди уулу улук лейтенант, 2018-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келген.
4-июнь күнү кечинде кафенин тушундагы “зебрадан” өтүп баратканда Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу коюп кетип, ооруканадан үзүлгөн.
Милиционер 32 жашта болгон, артында эки баласы калды.