Коом

Алты айлык наристе Аруу боор оорусуна чалдыгып, жардамга муктаж болууда

Ушул жылдын февраль айында жарык дүйнөгө келген Аруу боор оорусуна чалдыгып, жардамга муктаж болууда.

Учурда жашоо үчүн күрөшүп жаткан ымыркайдын абалы күн сайын оорлошуп, ичи шишип, көзү саргайып, боорго аммиак топтолуп, боор циррозуна айланууда. Андыктан дарыгерлер тез арада анын боорун алмаштыруу зарылдыгын айтышкан.

Бирок маселе баягы эле каражатка барып такалгандыктан, кызынын өмүрү үчүн күрөшкөн жаш ата-эне жалпы кыргыз элинен, кайдыгер карабаган жарандардан жардам суроого аргасыз болууда.

«Дарыгерлер Турцияга баруубузду сунушташты. Ал үчүн 50 миң доллар акча каражаты керектелет экен. Керектүү сумманы чогултууга дарыгерлер бир ай убакыт беришти. Бирок бизде мындай чоң суммадагы акча жок болгондуктан, аргасыздан кайрымдуу элибизден жардам сурайбыз», — дейт көзүнө жаш алган эне.

Кичинекей ымыркайдын тагдырына кайдыгер карабаган бардык жарандарыбыздан жардам күтөбүз. Жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү даректерге каражат которсо болот

Реквизиттер:
Апасы Айназик Равшан кызы +996700769292
Атасы Тазабек Байышбеков +996700676209

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button