Коом

Ички иштер министрлиги аялдар жамааттарына диний экстремизмдин кесепеттерин түшүндүрүүдө

Учурда Ички иштер министрлиги тарабынан жарандардын диний радикалдашуусун алдын алуу, экстремизмге каршы аракеттенүү багытында тийиштүү иш-чаралар жүзөгө ашырылууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Диний экстремизмди, терроризмди, улуттук жана аймактык кастыкты козутууну алдын алуу максатында республика боюнча атайын лекциялар, семинар-тренингдер, жолугушуулар жана тегерек столдор уюштурулуп жатат.

Алсак, 2024-жылдын 17-июнунда Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Баткен облусунун Раззаков шаарында аялдар жамаатына диний экстремизмди алдын алуу боюнча жолугушуу өткөрүлдү. ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен “Мутакалим” коомунун өкүлдөрү тарабынан лекция окулуп, кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду.
Жолугушуу учурунда аялдардын диний радикалдашуусун, Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын катарына кошулуусун алдын алуу, дин жаатындагы сабаттуулукту жогорулатуу, мыйзамдарда каралган жоопкерчиликтер тууралуу кенен түшүндүрмө беришти.
Катышуучулар мындай иш-чаралар ар дайым аймактарда өткөрүлүп туруусун сунушташып, демилгечи тарапка ыраазычылыгын билдиришти.
Белгилей кетсек, бул иш-чара 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button