КоомКылмыш-кырсык

ИИМ: “Нелегал-Трафик” ыкчам алдын алуу жана издөө иш-чараларынын биринчи этабы өткөрүлдү

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан “Нелегал-Трафик” ыкчам-алдын алуу жана издөө иш-чараларынын биринчи этабы өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Иш-чара ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Чечими менен бекитилген «Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жамааттык тутумду өнүктүрүү боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин иш-чаралар планына» ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ички иштер органдары тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп келет.
2024-жылдын 3-июнунан баштап 9-июнуна чейин өткөрүлгөн ыкчам-алдын алуу жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө төмөнкүдөй иштер аткарылды. Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жалпысынан 1352 укук бузуу аныкталган, анын ичинен:
— Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу-15;
— Чек арадагы эмгек мигранттары тарабынан Кыргыз Республикасындагы эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартибин бузуу– 87;
— Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын болуусунун белгиленген тартибин бузуу- 251;
— Чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн же транзиттик жүрүштүн эрежелерин бузуу-960;
-Мыйзамсыз миграцияны уюштурган 39 факты аныкталды.
Ошондой эле, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 2 факты, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 7 кылмыш аныкталды. Иш-чаранын жүрүшүндө 2 ок атуучу куралдар алынды. Жалпы суммасы 6.771.000 сом айып салынды.
Андан сырткары, операциянын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ЭММКАКтын кызматкерлери мыйзамсыз иштеп жаткан диний мекеменин мыйзамсыз ишин аныкташып, токтотушкан. Анда жашы жете электерге жана өспүрүмдөргө дин сабагы уруксаты жок окутулган. Аталган мекеме толугу менен жабылып, таалим алгандар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Бишкек шаарындагы ЖОЖдордо окуган чет элдик студенттер арасында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Талкуу чет мамлекеттердин жарандары тарабынан жасалган укук бузууларды, ошондой эле аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибинин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button