Нарын облусунда көчмө клиника калкты акысыз текшере баштады
Нарында көчмө клиника жарандарды акысыз текшере баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Өрнөк айылында орнотулган мобилдик клиника август айынын аягына чейин облус калкына медициналык жардам көрсөтүп, бейтаптарга диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана дарылайт.
Ошондой эле пландуу түрдө жалпы хирургиялык чоң эмес операциялар жасалат. Терапевт, кардиолог, невропатолог, гинеколог, уролог, офтольмолог, ЛОР, стоматолог жана гастроэнтеролог дарыгерлери акысыз кызмат көрсөтүшөт.
Клиника компьтердик томограф, рентген, маммограф, УЗИ, лаборатория, гастроскопия жана лабораториялык изилдөөлөр үчүн медициналык жабдуулар менен толук камсыздалган. Ошондой эле клиниканын мобилдүү автоунаалары менен алыскы аймактардагы калкты ташып келип дарыгерлерге көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Нарын районунун калкына кароо жүргүзүлүп бүткөндөн кийин график менен башка райондордун элине медициналык кароо жүргүзүлө баштайт.