Коом
19-июнга карата аба ырайы
Шаршембиде республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 28…33, Талас аймагында 27…32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 30…35, Ысык-Көл жеринде 22…27, Нарын өрөөнүндө 19…24 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 30…32 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында 33…35, Чолпон-Атада 25…27 градусту көрсөтөт.