КоомМаданият

Нарын шаарында «Кыргыз шырдагы XIV» эл аралык фестивалы өтөт

28-29-июнь күндөрү саат 10:00до Нарын шаарындагы As A Nomad этнокомплексинде «Кыргыз шырдагы XIV» Эл аралык фестивалы өтөт.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн аппараты тарабынан уюштурулууда.

Фестивалдын максаты — улуттук колориттеги оюм-чийимдер түшүрүлгөн нукура кийизден жасалган кыргыздын улуттук буюмун сактоо жана жайылтуу, маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдерди үзгүлтүксүз жандандыруу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастарынын негизинде чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү, кыргыз элинин баалуулуктарын, салт-санасын кийинки муундарга жайылтуу.

Жаш чеберлерди көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын сактоо, иликтөө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу. Ошондой эле Кыргызстанды экологиялык таза, маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу болуп саналат.

Ага республиканын облус жана шаарларынан 300дөн ашык кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана исскуство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер, элдик көркөм өнөрчүлүк устаттары, чет өлкөдөн жана облустан келген коноктор, Нарын шаарынын, райондордун тургундары катышат.

Катышуучуларга болгон негизги талаптар:

  • «Кыргыз шырдагы» аттуу эл аралык кароо-сынак фестивалдын катышуучуларынын жаш курагы жана саны чектелбейт;
  • буга чейинки шырдак фестивалына катышып уткан катышуучунун шырдагы кароо-сынакка коюлбайт, шырдак жасаган уз дагы катыша албайт;
  • ар бир райондон чыккан 10дон шырдактан, 1ден шырдак аныкталат, кароо-сынакка коюлат.
  • Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинен түзүлгөн калыстар тобу кыдырып тандап аныкташат;
  • кароо-сынакка катышкан шырдактарды сатууга өз каалоосу менен алып келип сатыкка чыгарса болот. Бирок сатыкка чыгарылган шырдак кароо-сынакка катыша албайт;
  • «Мыкты шырдак», «Мурас шырдак» номинациясына ээ болгон шырдактар ээсине кайтарылбайт. Мамлекеттик музейге тапшырылат. (Шырдактардын көлөмү 1,6м2,6 жогорку болот).
  • кароо-сынакка катышкан «Мыкты шырдак», «Мурас шырдак», «Жаратмандык ыкмадагы шырдак (Иновациялык шырдак)» аталыштагы шырдак тандалып, кароо-сынакта аныкталат.
  • өзгөчө шырдакта болгон оюулар, нукура кыргызча сапаттуу жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган шырдактар кароо-сынакка коюлат.

Ал эми фестивалдын алкагында жаш уздарды тандоо кароо-сынагына райондордон жана Нарын шаарынан курагы 15 жаштан 25 жашка чейинки 2ден кыз келиндер катыша алышат. Баардыгына бирдей тапшырма берилет, материалдар камсыз кылынат.

Кароо-сынактын калыстар курамы көркөм өнөр эксперттеринен, дизайнерлер, тарыхчы, этнограф, илим изилдөөчү жана кол өнөрчүлөрдөн түзүлөт.

Белгилесек, «Кыргыз Шырдагы» эл аралык кароо-сынак фестивалы Нарын облусунда 2010-жылдан бери 28-29-июнь күндөрүндө өткөрүлүп келет.

Бул бренд Нарын облусунун кол өнөрчүлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөрдүн картасына түшүрүлүп, айыл жериндеги туризмди жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүп, көптөгөн үй-бүлөлөргө киреше табуусуна жана ошондой эле жумушчу орундарын түзүүгө жардам берип келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button