Кеңеш

Адис ата-энелер үчүн балдардын коопсуздугун сактоодо эмнелер маанилүү экенин айтты. Тизме

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору ата-энелер балдардын коопсуздугун сактоо үчүн жасачу аракеттерди эскертти.
Алар:

баланы кунт коюп угуп, сезимтал болуңуз. Кайсы бир эскертүүлөрдү айтып жатканда анын реакциясына маани бериңиз;

ага айткан нерселериңизге ынанымдуу мисалдарды кошуңуз;

айрым учурда балдар өздөрүнүн күч, мүмкүнчүлүктөрүн ашыра баалашат. Мындайда сиздин милдет – кайсы бир жагдайлар боюнча сизге айтпай жайгарам деген оюнан кайтарып, сиз менен кеңешүүсү керектигин түшүндүрүү;

бала үчүн уюлдук телефон анын коопсуздугун көзөмөлдөп туруучу каражат экенин эске алыңыз;

бала мектептен кайсы учурда келерин сураңыз, күн ичинде ага чалууну эстен чыгарбаңыз;

балдар демейде кайсы бир жаныбарды куткаруудан же кичинекей бала ыйлап калса сооротуп жардам берүүдөн баш тарта алышпайт. Ушундай шылтоо менен айрым чоң адамдар туура эмес максаттар менен аларды алдашы мүмкүндүгүн эскертип коюңуз;

коопсуздук тууралуу улам-улам айтып туруңуз, бирок бул бала көнүмүш адат катары кабыл албагандай тейде жасалышы керек.

Мындан тышкары, борбор балдарга төмөнкү беш эрежени жакшылап үйрөтүү зарылдыгын белгилеген:

чоочун адамдар менен чогуу лифт менен подъездге кирбе;

бейтааныш адамдар кандайдыр бир азык же белек берсе алба;

чоочун адамдын унаасына отурганга болбойт;

бөтөн бирөөлөргө өзү жана үй-бүлөсү тууралуу айтып бербе;

эгерде шектүү жагдай жаралса унчукпай туруп калбай кыйкырып же эл бар жакка качуу керектигин түшүндүрүү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button