Кеңеш

Адис жайдын ысыгында кандай тамактануу керектигин айтты

Жайдын ысыгында кандай тамактанып, эмнелерди жеш керектигин РИА Новостиге диетолог, инфузиялык терапия тармагынын негиздөөчүсү Камиль Вильданов айтып берди.
«Аптапта алгач эле рациондо табигый антиоксиданттарга, С жана Е витаминине бай азыктарды пайдаланышыбыз керек. Алар клеткаларды жогорку температурадан жаралган кычкылдануу стрессинен коргоого жардам берет. Мындан тышкары, В тобундагы витаминдер ысыкта адамдын жакшы жүрүшүнө көмөктөшөт. Анан албетте жайында сууну көп ичүү зарыл», — деген ал.
Ошондой эле курамында суусу көп жашылчалар, атап айтканда, 92 пайыз суу камтыган дарбыз, 95 пайыз суудан турган бадыраң менен сельдерейди күнүмдүк азыкка кошуу керек.
Вильданов калий менен магнийге бай чианын уругу, кабачок жана кокостун суусу организмде суунун балансын кармоого жардам берерин кошумчалады.
«Майы азыраак йогурт ичеги-карындын иштешин жакшыртып, сууну, тамак-ашты сиңирүүгө көмөктөшөт. Көк чөптөрдөн жалбызга көңүл буруңуз. Ал денени сергитип, дененин ички табын түшүрүүгө жардам берет. Андан тышкары, антиоксиданттарга бай кинза организмди керексиз заттардан арылтат», — деп кеңеш берген адис.
Ошондой эле көк чай менен имбирь кошулган чай аптаптуу ысыкта сергитип гана тим болбостон, тамакты да жакшы сиңирет. Ошол эле учурда белоктуу азыктар, анын ичинде малдын этин жебей эле койгон оң.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button