Кеңеш

Адистер күн аллергиясынан коргонуунун жолдорун сунуштады

Күн аллергиясын алдын албаса өлүмгө кептеген анафилактикалык шокко кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
«Күн аллергиясы (фотодерматоз) — иммундук системанын күндүн нуруна болгон реакциясы. Негизинен күндүн нурунда аллергендер болбойт. Бирок нур менен теридеги бөтөн бир зат (химиялык пилинг, татуаж) кошулганда аллергия пайда болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.
Көбүнчө күн аллергиясына жаш балдар, кош бойлуу аялдар, ак жуумал адамдар жана солярий менен татуаж же химиялык пилингди көп жасаткан адамдар чалдыгат. Андан тери кызарып, ачышып, шишип же кургап чыгат. Кээде адам шалдырайт.
«Мындай аллергия жеңил, айрым учурларда оор абалда, анафилактикалык шокко өтүшү мүмкүн. Күчөгөн маалда сөзсүз адиске кайрылуу зарыл», — деп билдирди адистер.
Күн аллергиясын алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелер сунушталат:

— саат 10:00дөн 16:00гө чейин ачык күнгө чыкпай үйдө же көлөкөдө отуруңуз;

— күндөн коргоочу кремди ар бир эки саатта денеңизге сүртүп туруңуз;

— тердетпеген, жеңи узун көйнөк менен шым кийиңиз;

— күндөн коргоочу көз айнек менен баш кийимди унутпаңыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button