Спорт

Алай районунда спорт залдын имараты пайдаланууга берилди

Кечээ, 8-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу айылында курулган С.Дурсуматов атындагы спорт залдын ачылышына катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган спорт залдын курулушу өткөн жылы башталып, ал үчүн мамлекеттен 22 млн сом каралган.

Төрага заманбап спорттук жабдуулар менен камсыздалган залды көрүп чыгып, калктын саламаттыгын чыңдоодо спорттун мааниси чоң экенидигин белгиледи.

«Андыктан, жарандар арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатында мамлекет тарабынан спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жалпы өлкө боюнча спорттук мекемелер арбын салынууда. Айрыкча спортчуларга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп, ал эми улан-кыздарыбыз жеңиштери менен калкыбызга дем-күч берүүдө», – деди ал.

Ошондой эле төрага спорт залга керектүү шаймандарды алууга жардам катары 200 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button