КоомКылмыш-кырсык

ИИМ: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү баңгизат менен кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында «Яша» аттуу адам баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүргөнү жөнүндө белгилүү болгон.

Маалыматты текшерүүдө «Яша» аттуу адам буга чейин бир нече жолу соттолгон, 1984-жылы туулган К.Я. аттуу жаран экендиги жана ИИМдин ыкчам каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турганы такталган. Маалыматтар боюнча ал жаза аткаруу жайларында баңгизатын киризүү менен алек болуп, атайын криминалдык макамга ээ болгону жана учурда баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенгени .
Факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 1984-жылы туулган К.Я. аттуу жаран Биринчи май районунун аймагында кармалган. Ал жарандын жанынан кара куурай чайыры — «Гашиш» баңгизаты табылган.
1984-жылы туулган К.Я. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button