Коом
Биринчи жарым жылдыкта Баткен облусуна 241,3 млн сом бөлүндү
Баткен облусу боюнча 2024-жылдын алты айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер 240,3 млн сом өлчөмүндө каржыланды.
Каржы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- теңдөөчү трансферт – 169,3 млн сом;
- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 26 млн сом;
- электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 35,9 млн сомду түздү.
Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен 9,1 млн сом бөлүнүп берилди.
Ошондой эле 2024-жылдын 5-февралында №34-р тескемесине ылайык, 1 млн сом каржыланды.