Саясат

«Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплекси жаңылоодон кийин ачылды

үгүн Аламүдүн капчыгайындагы «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплекси реконструкциялоодон кийин салтанаттуу ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.

 

Аталган комплекс жыл башында президенттин иш башкармасына караштуу «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына өткөрүлгөн.

Алты айда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, комплекс толугу менен жаңыланды.

«Капиталдык ремонттун негизинде канализация түтүкчөлөрү тазаланып, жолдорго брусчатка төшөлүп, электр энергиясы жана интернет тартылды. 100 кишиге ылайыкталган тамактануучу жай жана бассейиндер жаңыланды», — деди «Ала-Арча» паркынын директору Талант Жекшенов.

Курортто 30 эс алуучу коттедж бар, анын 18и стандарт, 12си люкс.

Ошондой эле эс алуу комплексинин аймагында булактар жана минералдык суулар бар, алардын температурасы +53 градуска жакын. Бул суу ревматизм, полиартрит, радикулит сыяктуу көптөгөн ооруларды дарылоодо кеңири колдонулат жана радон ванналары иммундук системага жакшы таасирин тийгизет.

«Теплые ключи» медициналык-ден соолукту чыңдоо комплекси 1977-жылы пайдаланууга берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button