КоомСпорт

Садыр Жапаров Олимпиадага катышкан спортчуларды колдоо үчүн Парижге барат

Президент Садыр Жапаров Эммануэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Садыр Жапаров 25-июлда Париж саммитине катышат.
Мындан тышкары, өлкө башчы 26-июлдагы XXXIII жайкы Олимпиаданын ачылыш аземине катышары кошумчаланды.
Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Анда Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button