КоомСаясат

Садыр Жапаров “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Көп кылымдык тарыхый сыноолордон өткөн кыргыз эли ар кандай коомдук-саясий кризистерге туруштук берген дараметке ээ болуп, жалпы тарыхый процесске интеграцияланып жана дайыма өзгөрүүлөргө дуушар болуп өзүнүн жашоодогу туруктуулугун көрсөтө алды.

Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекеттүүлүгү биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыктын аягында пайда болгондугу анык далилденди. Ошондон бери кыргыздар өнүгүүнүн бир катар этаптарынан өтүп, ар кайсы мезгилдерде мамлекеттик түзүлүштөргө ээ болуп келди. Мамлекеттик түзүлүш дайыма кыргыз элинин коргоочусу катары болгон. Мамлекеттүүлүктүн калыптанышында жана иштешинде мамлекеттин өзөгү болгон саясий элита маанилүү ролду ойногон. Тарыхтын ар бир этабында мамлекеттик түзүлүштүн түптөөчүлөрү болгон элдин лидерлери чыккан.

ХХ кылымдын башында 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш (Үркүн) учурунда айрым кыргыз лидерлери мамлекеттик түзүлүштү түптөө аракетин көрүшкөн, бирок күчтөр тең болбогондуктан, алар жеңилүүгө дуушар болгон. Үркүндөн кийинки окуялар: 1917-жылдагы Октябрь революциясы, СССРдин калыптанышы жана Борбордук Азияда улуттук бөлүнүү саясаты кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн жаңыча түшүнүүгө түрткү берди. Ушул учурда бул окуяларга күбө болгон жана заманбап мамлекеттик түзүлүш жөнүндө түшүнүгү бар улуттук интеллигенциянын жаңы мууну өсүп жетиле баштаган.

1921-жылдан тартып кыргыздын алдынкы интеллигенциясы өз алдынча автономия түзүүнү талкуулай баштаган, ал эми 1922-жылдын башында А.Сыдыковдун демилгеси менен кыргыз делегаттарынын курултайы чакырылып, анда Тоолуу Кыргыз облусун түзүү сунушу көтөрүлгөн. 1924-жылдын 14-октябрында СССРдин Борбордук Аткаруу комитети тарабынан өткөрүлгөн бир катар курултайлардын жыйынтыгында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Ошентип, кыргыз эли азыркы мамлекеттик түзүлүштү куруунун жолуна түшкөн.

Кыргыз эли үчүн татаал жол болгон жаңы мамлекеттүүлүктү калыптандырууга И. Айдарбеков, Ж. Абдрахманов, А. Орозбеков, И. Арабаев, Т. Токбаев, К. Тыныстанов, Т. Айтматов, Э. Эсенаманов, Т. Жанузаков, Б. Исакеев, Т. Жолдошев, Д. Зульфибаев, Д. Иманов, К. Тельтаев, Т. Худайбергенов, К. Шоруков, С. Чонбашев, М. Янгулатов, В.Н. Дублицкий, М. Ботбаев, Б. Данияров сыяктуу жана башка улуттук интеллигенциянын алдынкы бөлүгү, кыргыз элинин мыкты уулдары зор салым кошту.

Адамзаттын тарыхында мамлекеттин түптөөчүлөрүн “аталар” деп атоо салты бар жана бул салт байыркы мезгилден бери келе жатат. Алардын арасында жол башчылар, жетекчилер, көрүнүктүү башкаруучулар, саясатчылар, аскер адамдары, өз элинин патриоттору, ошондой эле тарыхый окуялардын катышуучулары – мамлекеттин калыптанышына чогуу салым кошкон карапайым адамдар болгон.

Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында саясий элитанын өкүлдөрү – улуттук лидерлер Абдыкерим Сыдыковго, Иманалы Айдарбековго, Жусуп Абдрахмановго, Абдыкадыр Орозбековго, Ишеналы Арабаевге “азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” деген наамды ыйгаруу менен алардын ата мекен алдында өтөгөн эмгегин белгилөөнү өзүбүздүн парзыбыз деп эсептейбиз. Ушул адамдар кыргыз эли өзүнүн тили, маданияты жана тарыхы менен өз мамлекетин Борбордук Азиянын башка элдери менен бирдей түзүүгө толук укуктуу экендигин ынанымдуу жана жүйөлүү далилдер менен далилдешип, ХХ кылымдагы жаңы мамлекеттүүлүктүн башатында болушту. Бирок бул наам өлкөбүздүн башка көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин мекен алдындагы эмгегин эч кемите албайт.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн тарыхый окуясы, андан кийинки Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын жана Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшү Кыргызстандын келечектеги тарыхы үчүн зор мааниге ээ болуп, алар эгемендүү Кыргыз Республикасынын пайдубалы болуп калды.

2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында, азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө көрүнүктүү инсандардын сиңирген эмгегин жана ролун таануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар деп эсептелсин.

2. Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын элесин урматтоо Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын ыйык парзы деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети:

– Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окугандарды патриоттук духта тарбиялоо үчүн азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын эмгеги жөнүндө тиешелүү материалдарды иштеп чыксын жана аларды менчигинин түрүнө жана формасына карабастан этабы менен киргизүүнү, ошондой эле бул тема боюнча илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүнү камсыз кылсын;

– азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-пропагандалык иштерди жүргүзүүнү уюштурсун;

– ушул жарлыкты ишке ашыруу үчүн тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;

– ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button