КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын эсепчиси кармалды

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө 2024-жылдын 25 – июлунда «Опузалап пара талап кылуу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 40.000 сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алуу учурунда КРнын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын эсепчиси М.Н.С. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Көрсөтүлгөн акча каражаттары жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыгаруу максатында кийин КР Эсептөө палатасынын кызматкерине өткөрүп берүүгө арналгангандыгы аныкталды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button