Коом

Улан Ниязбеков: Милицияга кайрылган ар бир жаран милицияга ишеним артыш керек

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

2024-жылдын 26-июлунда Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2024-жылдын 6 ай ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы, Атайын багыттагы полкунун командири, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, окуу жайлардын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери, Бишкек ШИИББнын райондук башкармалыктарынын, Чүй ОИИББнын шаардык, райондук бөлүмдөрүнүн жана “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери катышууда.


Жыйында 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган жалпы ишмердик, жарандардын арыз-даттануулары, алардын чечилиши жана калкты тейлөөнүн сапаты, элдин турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизген кылмыштарга жана окуяларга бөгөт коюу, санариптештирүү чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер, коллегиянын иш-мерчемин бекитүү жана бүгүнкү отурумдун чечимин кабыл алуу жөнүндө беш маселе каралды.
Коллегияны ачып жатып Улан Ниязбеков милицияга кайрылган ар бир жараныбыз – жогорку ишеним артышы керектигин баса белгиледи.
“Коомдук тартипти сактап, өлкөбүздүн бейпилдигин камсыздоо үчүн, 6 ай бою тыным албай, күнү-түнү иш жүргүздүк жана бул иштери дагы улантабыз. Аталган аракеттер: бир жагынан жарандардын жашоо-турмушуна туруктуу коопсуздук шарттарын түзүү болсо, экинчи жагынан ички иштер органдарына күчтүү системалык өзгөрүүлөрдү киргизип, аларды турукташтыруу болуп эсептелет. Анткени, ички иштер органдары — калкыбыздын коопсуздугун сапаттуу камсыздаган, элибиздин бийик ишенимине ээ болгон, өз ишмердигин ак ниеттүүлүк менен аткарган, мыкты мамлекеттик органга айланышы зарыл.
Мына ушундай жагдайды түптөп, турмушка ашыруу — баарыбыздын башкы жана ыйык милдетибиз болуп саналат. Өнүгүү жолуна түшкөн ишмердигибиз менен алдыбызга койгон максаттарыбыздын түпкү уңгусу дал ушундай”,-деп билдирди өз сөзүндө.
ИИМ башчысы билдиргендей, азыркы тапта, өлкөбүздүн, анын ичинде калкыбыздын жалпы коопсуздугун сактоо боюнча замандын талабына жараша Кыргыз милициясында өзгөрүүлөрдү жасап, натыйжада бир топ жетишкендиктерди, биринин аркасынан бирин багындырып келе жатат. Алардын эң негизгилерин санап өтсөк:
-Кызматкерлерибиз жогорулатылган айлык алып, эң арзан баада ипотекалык эреже менен заманбап шартта курулган батирлер берилди. Жакынкы бир жылда ушуга окшогон батирлерди куруп, кезекте турган, бардык муктаж болгон кызматкерлерге берүү үчүн атайын долбоорлор иштелип чыгууда;
-Элдин коопсуздугун камсыздап, ар түрдүү одоно укук бузууларды алдын алып, коомчулук арасында орун алган терс окуяларга өз учурунда бөгөт коюу максатында “калкты сервистик тейлөө” тутуму иштөөдө;
-Ички иштер министрлигинен баштап, дээрлик бардык ички иштер бөлүмдөрү жана башкармалыктары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы шарттарды түзүлүп жатат. Башкача айтканда, республиканын бардык аймактарында ички иштер бөлүмдөрүн, айылдык-шаардык милиция бөлүмчөлөрүн, милициянын участкалык пункттарын, аскер бөлүктөрүн, казармаларды, командалык борборлорду, маанилүү жана өтө маанилүү имараттарды куруу колго алынды. Бүгүнкү күндө 57 объект курулуп жатат;
-Мындан тышкары, эс алуу парктарын, ички иштер органдарына эмгеги сиңген атактуу ардагерлердин атынан сейил бактарды куруп, кийинки муунга милициянын тарыхын чагылдырган музейлерди ырааты менен ишке берилип жатат;
-Милициянын автопаркы жаңыланып, атайын күжүрмөн техникалардын жана кызматтык каражаттардын баарын 90 пайызга жаңыртууга жетиштик;
-Коомдук жайларга, көчөлөргө, эл көп чогулган аймактарга жана кооптуу деп эсептелген мерчемдүү жерлерге видео-камералар орнотулуп, ишке киргизилди; Анын натыйжасында, акыркы үч жарым жылда кылмыштуулук 50 пайызга төмөндөп, укук бузуулардын саны да ошол эле көрсөткүчкө азайса, айрым участоктордо кылмыштуулуктун катталуусу токтогонун көрсөк болот. Аталган иштердин натыйжасында, “102” байланыш телефонуна жардам сурап кайрылган жарандардын саны жыл сайын төмөндөө тенденциясына түштү. Эгерде, былтыр 6 айда 106 миң жаран жардам сурап, милицияга кайрылган болсо, быйыл 6 айда 86 миң адам кайрылып, 20 миң кайрылууга азайган. Бул көрсөткүчтү, санарип ыкчамдыктын бирден-бир натыйжасы жана коопсуздукту чыңдоо үчүн жасалган эмгектердин алгачкы жемиши деп айтсак болот. Санарип системасын киргизген учурдан бери, каракчылык, тоноочулук, опуза талап, бейбаштык, коомдук жайлардагы одоно укук бузуулар сыяктуу олуттуу кылмыштардын түрлөрү азайды. Издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо, дайынсыз жоголгон адамдарды табуу кыйынчылыкка турбай, тескерисинче ыкчам жана жеңил форматка өттү.
-Эң башкысы, коопсуздук тутуму калыптанып, өлкөбүздөгү ички иштер органдарынын ортосунда “Санарип Жибек-Жолун” түзүүгө жетише алдык.
Кылмыштар же окуялар болгондон кийин, анын кесепети менен күрөшпөстөн, алдын алып, болтурбоо тартибине өттүк. Эл менен түздөн-түз иш алып барып, жарандарыбыз милицияны издебей, милиция күнүгө элге чыгуусун уюштурдук.
“Дагы башка бир катар жетишкендиктерге жетип, олуттуу иштерди жасай алдык. Мунун баарын милициянын тарыхында өтө чоң өзгөрүү жана олуттуу жаңылануу деп сыймыктануу менен айтууга болот. Себеби, элдин коопсуздугу канчалык деңгээлде жакшырса, жашоо турмушу да ошончолук жогорулайт”,-деп алты ай ичиндеги аткарылган иштерди белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button