КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Техникумдун директору  пара алып жаткан жеринен кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жалал-Абад маданият техникумунун директору Т.А.Ж. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, абитуриенттерден техникумга кирүү үчүн акча талап кылгандыгын аныктады.
2024-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад маданият техникумунун директору Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда кармалган жаран КР УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button