КоомКылмыш-кырсык

Кара-Суу районунун акими пара мененкармалды

Кара-Суу районунун акими ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ынтымак айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында участокторду бөлүштүрүү учурундагы мыйзамсыз иш-аракеттерге Кара-Суу районунун акими А.Т.А.нын катыштыгы бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган аким А.Т.А. коргоп жана жардам көрсөткөндүгү үчүн айыл өкмөт башчыларынын биринен өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алгандыгы аныкталды.

Т.А. УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына суракка чакырылып, жыйынтыгында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ош шаардык соту тарабынан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасын тандаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button