КеңешКоом

Трихолог: Көпчүлүк башты туура жууганды билбейт

Чачтын өсүшү жана абалы башты туура туура жууганга байланыштуу болот. Бул тууралуу трихолог Юлия Голдыш Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айтып берген.

«Таң калсаңыз керек, бирок көпчүлүк башын туура жууганды билбейт. Суудан эле баштасак, өтө ысык же муздак да суу жарабайт. Эң жагымдуусу 35-45 градус жылуулуктагы суу. Мындан тышкары, шампунду чачка эмес, баштын терисине сүртүңүз. Чачыңыз чайкалып жатканда эле жуулуп калат. Ал эми бальзам менен кондиционерлерди тескерисинче, териге эмес, чачтын учуна сүртүңүз. Кургатканда да сүлгү менен жышыбаңыз, суусун сордуруп, чач кургаткыч менен акырын кургатып алсаңыз болот», — деген Голдыш.

Адис ошондой эле «чачты өстүрөт» деп жарнама кылган каражаттардын баарына эле ишене бербеш керектигин эскертти. Көп түшүп жатса, кечиктирбей дарыгерге кайрылууну сунуштады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button