Кеңеш

Фитотерапевт букетке кошпой, үйгө койбой турган уулуу гүлдөрдү тизмектеди

Врач-фитотерапевт Андрей Степенский Sputnik радиосуна маек куруп, букетке кандай гүлдөрдү кошпош керек экенин, кандай гүлдөрдү бөлмөгө коюу сунушталбай турганын айтып берген.
Адис көп адамдар тоодо, жаратылышта эс алып жүрүп ал жердеги кооз гүлдөрдү үзүп, гүлдесте жасоого кызыгышарына токтолгон. Степенский, биринчиден, алардын айрымдары аллергия кылышы мүмкүн экенин, экинчиден, арасында уулуу гүлдөр болушу ыктымалдыгын айткан. Фитотерапевт төмөнкү гүлдөрдү үзүүдө, жыттоодо абайлоо керектигин эскерткен.
«Дельфиниум. Бул гүлдү көпчүлүк короо-бакка өстүрүшөт. Анда алкалоиддер болгондуктан жыттап же оозго салганда жүрөк-кан тамыр системаларынын нервин кысып, ашказан-ичеги органдарын жабыркатат. Лютик (ширеси ачуу, уулуу, сары гүлдүү өсүмдүк – ред.) гүлү өзүнүн кооздугу менен көпчүлүктү тартат. Бирок анын ширеси уулуу болгондуктан колду күйгүзүп салат. Ал эми балдар аны үзүп, жутуп алган болсо, үзгөндөн кийин колун оозуна салса кусуп, жүрөгү айланат», – деп эскерткен адис.
Андрей Степенский бул тизмеге ландыш да кирерин айткан. Аталган гүлдүн сабагынан гүлүнө чейин уулуу. Өзгөчө анын мөмө өңдөнгөн жеринде уу көп, ал оозго кирсе адам алсыз болуп, көңүлү айнып, ал тургай галлюцинация да болушу мүмкүн.
«Бул гүл жүрөктүн согушун жайлатып, анын токтоп калышына чейин жеткириши мүмкүн. Андыктан ага тийбей эле койгон оң, бул табиятты коргоо үчүн да керек», – деген фитотерапевт кооптуу, уулуу гүлдөрдүн катарына адонис гүлүн да кошкон.
Адис белгилегендей, нарцисс гүлү да букетке кошпой тургандардын катарында. Көпчүлүк анын эч кандай зыяны жок деп ойлогону менен адам аны үзүп, колун жуубай туруп көзүн ушалай турган болсо ачыштырып, оорутуп көпкө чейин кыйнайт. Абайлай турчу гүлдөрдүн агы бири – магнолия. Анын кооздугуна суктангандар бөлмөсүнө да коюп алып, эртең менен башы ооруп ойгонот. Анткени магнолия баш ооруну шарттай турган эфир майын бөлүп чыгарат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button