Кеңеш

Адис кайсы учурларда гинекологго жана гастроэнтерологго кайрылуу керектигин айтты

Гинекологго ич оору менен көп кайрылышат. Бул жыныс органдарынын сезгенүүсүнөн гана эмес, кээде ашказан оорусунан да кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу гинеколог Ольга Соловова «Доктор Питер» басылмасына билдирди.
Дарыгер гинеколог менен гастроэнтерологго ич кандай ооруган маалда барууну түшүндүрүп берген.
Төмөнкүдөй оору болсо, гинекологго кайрылуу сунушталат:

ичиңиздин асты тартышып ооруса;

ичиңизди асты толгоо сымал кайталанып, ачуу ооруса;

оору белиңизге өтсө;

жыныстык катнашта жагымсыз оору пайда болсо.

Ал эми төмөнкү учурларда гастроэнтерологго баруу зарыл:

ашказанга байланыштуу оору адатта ичтин жогорку жагында жана ортосунда пайда болот;

оң жактагы кабыргалардын асты ооруса, бул бөйрөк же өттүн илдетинен кабар берет;

сол жактагы кабыргалардын асты ооруса, гастрит, ашказан жарасы же панкреатит болушу мүмкүн;

киндиктин айланасы ооруса, ичеги инфекциялары же панкреатит болушу ыктымал;

эки каптал тең ооруса, органдарда таш болушу же заара чыгаруучу системанын сезгенишин билдирет;

киндиктин асты, оң жагы ооруса аппендициттин бар-жогун текшерүү зарыл. Оору күчөп, адам куса баштаса дарыгерге дароо баруу керек.

«Оору кээде басаңдап же жок болуп кетиши мүмкүн. Дарыгерге создуктурбай барып, текшерилип койгонуңуз оң. Ооруну алдын алыңыз», — деген Соловова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button