Кеңеш

Адис чачтын көп түшүшүнүн себептерин түшүндүрдү

Адамдын башында 100 миңге жакын тал чач болгондуктан күн сайын 50дөн 100гө чейинкиси түшүп турат. Түшүп калган чачтардын ордуна жаңы чач чыгат, мындай процесстер билинбей эле жүрөрүн нутрициолог Дмитрий Семирядов Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берген.
Адис бирок кээде мындай норма бузулушу мүмкүн экенин белгилеген. Ал чачтын өтө көп түшүүсүн же алопецияны кандай факторлор жаратарын түшүндүргөн.
«Адам стрессте болсо да чачы көп түшө баштайт. Мындан тышкары, кош бойлуулук менен гормондордун бузулушу ушундай абалга кептейт. Курч инфекциялык оорулар да чачтын кубатын жоготот», – деген Семирядов.
Дарыгер алопеция организмде айрым заттардын жетишсиздигинен улам да болорун билдирген. Адам организминдеги ал заттарды толуктаганда чачтын түшүүсү токтойт.
«В тобундагы витаминдердин жетишсиздиги менен чачтын абалы тыгыз байланыштуу. Алопециядан жабыркаган аялдарга изилдөө жүргүзүшкөндө алардын 38 пайызында биотин жетишсиз экендиги аныкталган. С жана D витаминдери да чачтын чың болушуна таасир эте алат. Темир, цинк жетишсиз болсо чач көп түшөт, өзгөчө бул аялдарда көбүрөөк кездешет. Белоктун аздыгы чачтын талын ичкертип, кайратын жоготот», — деп кошумчалаган нутрициолог.
Адис чачтын өтө көп түшүп жатканынын так себебин аныктоо үчүн дарыгерге кайрылып текшерүүдөн өтүү зарылдыгын белгилеген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button