КоомМаданият

«Бейиш эненин таманында» тасмасы «Оскар» сыйлыгы үчүн ат салышат

Аталган кино психикалык өнүгүүсү артта калган 35 жаштагы адамдын жана анын 75теги апасынын Меккеге сапарын баяндайт.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Режиссер Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» тасмасы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөнүн Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматта «Оскардын» чет мамлекеттердеги комитеттери учурда талапкерлердин узун тизмесин түзүп жатканы, андан кийин шорт-лист (кыска тизме) түзүлүп, жеңүүчү аныкталары айтылган.
Абройлуу сыйлык үчүн ат салыша турган тасманы тандоо иш-чарасы бүгүн, 23-августта, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өткөн. Кыргыз фильмдери «Чет тилдеги эң мыкты тасма» номинациясы боюнча көрсөтүлөт. «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелестеги легендарлуу Dolby театрында болот.
Аталган кино психикалык өнүгүүсү артта калган 35 жаштагы адамдын жана анын 75теги апасынын Меккеге сапарын баяндайт. Тасма Кыргызстандан тышкары Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Араб өлкөсүндө тартылган.
Кино Казакстан, Өзбекстан, Россияда прокатка чыгып, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалып жатканы айтылган болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button