Без рубрикиКылмыш-кырсык

УКМК: Ош шаарындагы У.Салиева атындагы адистештирилген лицейдин директору кармалды

Ош шаарынын орто билим берүү мекемелеринде системалуу түрдө акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, 28-августта УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош шаарындагы У.Салиева атындагы атайын адистештирилген лицейдин директору У.Ж.И. кармалды. Ал аталган окуу жайга студентти кабыл алуу үчүн ири өлчөмдө пара талап кылган.

У.Ж.И. өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен кармалган жана КР УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

КР УКМК өлкөнүн мектепке чейинки, мектептик, ошондой эле жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөрдүн болушуна жол берилбестигин эскертет жана КР жарандарын аталган чөйрөдөгү бардык коррупциялык фактылар жөнүндө билдирүүгө чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button