КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Кара-Суу районунун акиминин мыйзамсыз жер бөлүштүргөн орун басары кармалды

УКМК тарабынан Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын «Ачы» массивинин аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө катышы бар деп Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Б.У.А. кармалды.

Тактап айтканда, Б.У.А. Кара-Суу районунун Шарк (азыркы Датка) айыл аймагынын башчысы болуп туруп, башкы планга өзгөртүү киргизип, Датка айыл аймагынын «Ачы» массивинин социалдык объектилеринин жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аймагындагы 10 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз бергендиги аныкталды.

«2024-жылдын 30-августунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүнү уюштурууга катышкандыгы үчүн Б.У.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button