Коом

Бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жаңы Жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоонун алкагында резюменин жаңы форматы бекитилди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы тескемеси менен өлкө жетекчилиги тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө Жобо бекитилген.

Бул Жобо жогоруда аталган номенклатурага кирген кызмат орундарына талапкерлерди тандоо маселелерин жөнгө салат. Тактап айтканда, тиешелүү талапкерди кароо максатында киргизиле турган документтердин тизмеси каралган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 27-августундагы тескемеси менен талапкерге байланыштуу толук маалыматтар чагылдырылган резюменин жаңы форматы бекитилген.

Резюменин жаңы форматы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

— туулган жери;

— жашаган жери;

— билими;

— биринчи иштеген жеринен баштап азыркы же акыркы кызмат ордуна чейин ырааттуу тартипте талапкердин иш тажрыйбасы.

Өлкөнүн жетекчилигине тандоо жана дайындоо үчүн талапкерлерди иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы резюменин ушул форматын жетекчиликке алууну өтүнөт.

Резюмени толтуруу үчүн төмөндөгү шилтемени басыңыз.

Резюме  (1). Резюме (2)

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button