КоомСаясат

Кыргызстан «Талибан» кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

«КР ТИМи өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргызстандын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт.

Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргызстан Афганистанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button