КеңешКоом

Адис кандагы холестеринди азайтуучу жети адатты айтты

Кандагы холестеринди азайтуу үчүн терс адаттардан арылып, туура тамактануу менен спортко өтүү зарыл. Организм болушунча пайдалуу азыктанышы үчүн тамактануунун жөнөкөй жети адатын үйнөрүп алуу зарылдыгын «Доктор Питер» басылмасы билдирди.

Жашылчаны көбүрөөк жеңиз. Бадыраң, помидор, алма, ашкөк жана башка жашылчаларда май жок, бирок алар клетчатка, түрдүү витамин жана минералдарга бай. Мунун баары тууздуу, майлуу тамактан кийин организмге жардам берчү зат болуп саналат;

Эртең менен сулудан жасалган боткону көбүрөөк жеңиз. Клетчаткага бай бул азык холестериндин көлөмүн азайтып, аны бир деңгээлде кармап турат;

Ак нандан кара нанга өтүңүз. Ак нан калориялуу болуп, курамына кээде шекер да кошулушу мүмкүн;

Нокот, буурчак, чечевица сымал азыктарды көп жеңиз;

Күнүнө беш түр жашылча же жемишти рационго кошуп алыңыз. Мисалы, бир күндө сабиз, бадыраң, алма, банан жана помидор жеген туура;

Окумуштуулар жаңгак холестеринди азайтууга жардам берерин далилдешкен. Андыктан бул азыкты да үзбөй жеп турганды унутпаңыз;

Көк чай холестеринди организмден чыгарууда миңдин бири.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button