Блогер блокКеңешКоом

Кадимки кайнак суу менен арыктасаңыз болот

Кадимки жөнөкөй кайнаган суунун пайдасы — организмди тазалоо болуп саналат. Суу ич катууну эмдеп, муундардагы жана башка мүчөдөгү туздардан, бөйрөк менен боордогу таштар менен шлактарды чыгарат.

Кайнаган суу ичип баштагандан тарта бир канча убакыт өткөн соң, муун жана бөйрөктүн ооруганын, зааранын түсүнүн өзгөрүшүн байкай аласыз. Коркпоңуз! Бул организмде оң өзгөрүүлөр жүрүп жаткандыгынан кабар берет.

Колдонуу тартиби
Кайнаган сууну таңкы тамакты колдонуудан отуз мүнөт мурун бир аз өлчөмдө колдонуңуз. Аны шашпай ичүү керек. Анткени, суу ичегини ойготуп, анын жумушка кирүүсүн камсыз кылат.
Бул нерсени сиз болгону алты ай колдонсоңуз: абдан өзүңүздү жеңил сезип, ашыкча майлардан арылып, организмиңиз тазаланып, денеңиз сымбаттуу көрүнүп калат.
Эгерде жеген тамагыңыз сиңбей жатса, анда тамактан кийин дагы кайнак суу ичиңиз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button