КеңешКоом

Анардын көп түрдүү пайдасы

Гемоглобинди көтөрөт.

Анардын эң белгилүү касиети аз кандуулук менен күрөшүү. Аз кандуулукта суюлтулган анар ширесин 0,5 стакандан күнүнө 3 маал тамактан 30 мүнөт мурун 2 ай ичүү керек.

Кан басымын төмөндөтөт.
Анардын уруктары гипертония менен ооругандардын кан басымын акырындык менен төмөндөтөт. Ал эми анар мөмөлөрүнүн кургатылган жана чайга кошулган кабыкчалары нерв системасын тынчтандырууга, тынчсыздануудан арылууга жана түн уйкусун жакшыртууга жардам берет.

Гормондордун активдүүлүгүн жогорулатат.

Анардын данында организмдеги гормоналдык балансты калыбына келтирүүчү майлар бар.

Инсулинди алмаштырат.
Анар жемиштери кант диабети менен ооругандар үчүн алгылыктуу гана эмес, пайдалуу да таттуулардын бири.

Терини айыктырат.
Териңизде майлуу, безетки же ириңдүү исиркектер барбы? Май же зайтун майы менен куурулган, майдаланган анардын кабыгынан маска жасаңыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button