КеңешКоом

Кадимки ит мурундун пайдасын билесизби?

Аңкыган гүлү менен жаратылышка көрк берип, мөмөсү адамдардын организмин чыңаган ит мурун өсүмдүгүнө көп деле маани бербейбиз. Көптөгөн ооруларга дарылыгы бар өсүмдүктү табигый дармек деп да атап койсок болчудай.

Ит мурундун курамында: 14-60 грамм суу, 1,6-4 грамм белок, калий, кальций, магний бар. Ошондой эле B1, B2, PP, K, E жана C витаминдерин кездештирүүгө болот. Аталган жемиштин курамында C витамини карагаттыкынан 5-10 эсе, лимондукунан 40 эсе көбүрөөк.

Анын дарылык касиети: кан айлануу системасын тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Ит мурундун мөмөсү аз кандуулук, боор жана бөйрөк ооруларына дары катары сунушталып келет. Ал заара чыгаруучу, дене табын түшүрүүчү, баш ооруну жазуучу жана табитти ачуучу касиетке ээ болгондуктан, медицинадада кеңири колдонулат.

Ит мурунду таза жууп, кайнак сууга демдеп коюп иче бересиз. Бирок жаш балдарга берүүдө этият болуңуз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button