Кыргыз элибизде «Кадам коёрдо, ойлонуп кой, же кадамыңды ойлонуп ташта» деген терең философиялуу сөз айтылат.

Кадам бул – алга!

Алга кадам таштасаң гана жолду арбытасың. Ачык-айкын максат көздөп багыт аласың.

Ар бир келген, ар бир баскан кадам ак жолтой болсун!

Сайтыбыздын атын «Kadam-media.kg» деп атаган себеп да, алга умтулуу болду. Алгач там-туң басып, акырындап олтуруп ааламга кадам башталат.

Жакшылыктын кадамы болсун, жалаң жакшылыкты жазалы, жалаң ийгиликти, жалаң аруулукту жазалы деп тилек ниет кылдык.

Ар бир жаңылыкты секунд сайын көз ирмемдик убакытта элге жеткирүү милдети, электрондук «гезиттин» сайттын милдетине айланды.

Көптөгөн интернет басылмалар эл ичинде, интернет желесинде күрүлдөп иштеп жатат.

Биздин милдет өз кадамыбызды тандап, тандап гана эмес, таап алгыбыз келет.

Биздин милдет эң жөнөкөй. Эл менен элбиз деген гана принцип.

Эл ичинде жарык маанайлуу жаңылыктарды жаза берели!

«Kadam-media.kg» маалыматтык порталынын жамааты