Өлкөдөгү өзгөчө абалга байланыштуу Ч.Айтматов атындагы орус драма театры спектакльдерди онлайн көрсөтүүгө өттү. Мекеменин басма сөз кызматы
шаар тургундары спектаклдерди rusteatr.kg сайты аркылуу көрө алышат деп билдирген. 4-5-апрель күндөрү эл аралык фестивалдарда Кыргызстандын визиттик картасы болгон «Демон» саунд-драммасы тартууланмакчы. Аталган спектаклде Бишкектин жети театрында эмгектенген артисттер катышат. Спектакльдин автору — Михаил Лермонтов, режиссеру — Владимир Панков.