Кытай мамлекетинен чыккан короновирус илдетинин географиялык кулачы кеӊири жайылып, ааламды каптады. Бүгүнкү күнгө карата жалпы сыркоолордун саны дүйнө жүзү боюнча миллиондон ашып кетти, тумоого тушуккан мамлекеттердин саны да эки жүздөн ашып баратса, набыт болгондордун саны кырк миӊден ашты. Мындай шартта Кытайга колтукташ жайгашып, экономикалык- социалдык абалы маӊдай жылытаарлык эмес абалдагы биздин өлкөнү кыйгап өтүүсү эч эле мүмкүн эмес эле. Биздин расмий бийлик, өкмөт булл оорунун келерин алдын ала сезип эле атайын уюштуруу иштерин жүргүзө баштаган. «Самаркандан саман учту десе сарай өрттөндү» дегенге жакын айрым биздин мекендештер булл илдетти жарнамалап жатып, элдин үрөйүн учуруп жиберишти. Алгач эле Кыргызстан ичиндеги медициналык маскаларга атайын танкыстык жаратып, айрым учурларда мыйзамсыз жолдор менен Кытайга ташуу аракетин көрүшүп, өздүк наркы бир сом жетимиш тыйын турган масканы он тогуз сомго чыгарышты. Турциядан, Тажикстандан мыйзамсыз ташылып жаткан маскалар ички рынокто көпчүлүк суроо талапка ээ каражатка айланды. Айрым ишкерлер дал ошол медициналык масканын кунун апийимге чыгарышып, кайрадан өздөрү ошол паникага ишенүү менен Пакистан, Индия, Азербайжан, Украина мамлекеттерине чейин барып, маскаларды дүӊүнөн сатып алып, азыр алар кампаларда контрабанда сыяктуу толуп турат. Бул маселеге келгенде азыр жердин баарында теӊ эле маска жетиштүү. Болгону учуру келгенде ал маскаларды кылкылдаган Кытайга сатып, миллиардаган олжого туйтунабыз деген ишкерлер баасын кымбатка сатып алышып, азыр аны кайра рынокко чыгара албай жатышат. Анткени өкмөт, анын ичинде өкмөт алдындагы антимонополдук агенттик коюп берген расмий баа бар. Эгер антимонополдук агенттик коюп берген баадан ашсан айып пулга жыгылып эле эмес, контрабандалык каражаттарын концификацияга кабылышы мүмкүн. Башка мамлекеттерге мыйзамсыз алып өтүү өтө оор процедура же кылмыш иши. Мына дал ушул себептерден улам маскага тан кыстык болуп, кампаларда сакталып турган миллиарддаган маскалар азыр итке да кереги тийбей турат. Эгерде булл илдет күндүн жылышы менен азайып, ооругандар сакайып кетсе миллиондогон доллар сарптап, капмаларда катып жаткан маска ишкерлер түтүнү жок күйүп кетиши толук мүмкүн.
Дүрбөлөӊгө түшүүнүн биринчи кесепети дал ушул окуялар. Экинчиден, булл илдет республика ичинеде катала элегинде эле азык түлүк менен иштеген ишкерле ржасалма ажиотаж жаратып, азык түлүккө болгон бааны жасалма көтөрүп коюшту.

Өкмөт алдындагы мамлекеттик резервдерфондунун кампаларында, ички рынокто, базарларда, ири маркеттерде тамак аштын жана чийки заттардын жетиштүү көлөмү бар туруп элди паникага салу менен бааны көтөрүп жиберишти. Дагы кудайга шүгүр, булканабайрамдын алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик жана өкмөт өз учурунда рекция берип, ажитоаждын алдын алып калды. Үч күн аралыгында базардагы кызыл кулактар жана спекулянттардын чөнтөгүн толтуруп берип, элдин деми сууду. Мына ушул себептер биздин элдин расмий маалыматка эмес, базар ушагын чындык катары көрөрүн далилдеп, натыйжасында өздөрү эле кайра жапа чегиринин айныгыс чындыгы. Ал эми илдеттин өзүнө келсек,  тилекке каршы илдет биздин өлкөнү да кыйгап өткөн жок. Кичи ажылык сапарга баргандар менен илдет кошо жабыша келди. Азыр биз мындай учурда күнөөлүү тараптарды издеп отурууга бир мүнөт убакыт коротпой, тескерисинче ал илдеттердин очогун басуу, расмий бийликтин айткандарын такма так аткаруу менен гана бул апаат менен күрөшө алабыз. Антпесе булл апааттын кулачы мүнөт сайын жайылып, бүтүндөй мамлекетти кучагына алышы ыктымал. Аны менен күрөшүү баарыбызга жеӊил болбойт. Күнөөлүү издөө анда такыр эле мүмкүн эмес болот…

Айбек Токо