Аты жаман апаатка даярдыктын жыйынтыгы оорунун күн сайын жайылышы, кадрдык алмашуулар менен жыйынтыгын берип жатат.

Дүйнөлүк коомчулук бул апаат менен январь айынан баштап күрөшүп жатат. Баарыбызга белгилүү, Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айынын экинчи жарымында пневмониянын белгисиз түрү менен ооругандар катталып, алар 31-декабрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна билдирген. 2020-жылдын 22-январында Ухань шаары карантинге жабылган.    

2020-жылдын 11-февралында окумуштуулар коронавирустун бул түрүнө COVID-2019 деген аталыш берген.

Ошентип , бул таажы тумоо менен күрөшүү төрт айдан бери уланууда. Акыркы маалыматтарга таянсак дүйнөнүн 200дөн ашык өлкөсүнөн 42 000 ашуун адам каза болуп, 937 170 адам ооруну жуктуруп алган.

Ал эми Кыргызстан 2-апрелге карата маалыматта 116 адам коронавирус жуктуруп алды. Ооругандар өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан чыгып жатат. Азырынча Талас облусунан гана каттала элек. Катталбай эле койсун!??

Макаланы даярдоо үчүн мамлекет, өкмөт кандай даярдык көргөнүнө кызыгып, түрдүү маалыматтар менен тааныштым.

            Учурдагы өкмөттүн 2018-2022-жылдардагы мезгилде «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» аттуу өнүктүрүү программасынын саламаттыкты сактоого арналган бөлүмүнө көз жүгүртөлү.

Анда  

  • Кыргызстан ден соолукту сактоого мамлекеттик бюджеттин кыйла үлүшүн бөлөт;
  • калктын саламаттыгынын негизги көрсөткүчтөрүнө көңүл буруу менен медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн максатка багыттуу жакшыртууда деп жазылат.

Бул бөлүмдөгү беренени кайра эле “5.3.5. Саламаттык сактоого чыгымдардын жүгүнүн бюджеттик каржылоонун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келбегендиги, медициналык камсыздандыруу тутумунун начар өнүккөндүгү, ден соолукту коргоого жеке секторду тартуунун начардыгы, медициналык персоналдын эмгегине акы төлөөнүн жол берилгис төмөн деңгээли, медициналык адистерди даярдоонун мамлекеттик программасынын жана сектордун учурдагы шарттарынын ортосундагы ажырым, ошондой эле инфраструктуранын кыйла эскиргендиги саламаттыкты сактоодогу негизги тоскоолдуктардан болууда” деген берене менен жокко чыгарган. Бул программа кандай максат менен жазылганы таң калыштуу. Андагы жазылган медицинадагы көйгөйлөр аң-сезими менен ой-жүгүрткөн акыл-эстүү ар бир адамга белгилүү эмеспи. Ал эми өкмөт ал “ тоскоолдуктарды” жеңүүнүн, жоюуунун үстүндө кандай иштерди жасады, ошол маанилуу болчу.

Баардык тармактар сыяктуу эле ушундай жыртык-тешиктүү саламаттыкты сактоонун дүйнөлүк пандемияга даярдыгы жөнүндө сөз өзүнчө болсун.

Кыргызстанда 27-январда өлкө башчысы коронавируска байланыштуу абалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда вирустун өлкө аймагына киришине жол бербөө боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланат.

Саламаттыкты сактоо министрине ошол эле күнү коронавирстун алдын-алуу, күрөшүү тууралуу тиешелүү аракеттерди, анын ичинде реагенттер, лабораториялар, ПЦР-тесттерди даярдоо тууралуу кат жөнөтүлөт.

27-январдан баштап Өкмөттө коронавирустун алдын-алуу боюнча вице-премьер-министр Алтынай Сейитбекованын жетекчилиги менен жыйындар күн алыс өткөрүлүп турат. Анда башка өлкөлөрдөн келген жарандар Саламаттык сактоо министрлигинин эрежелерине ылайык “Манас” эл аралык аэропортунун санитардык-карантиндик пункттары алгоритмге ылайык текшерүүдөн өткөрүп жатканы тууралуу маалыматтар айтылат. ЖМКлардан жарандардын дене табын текшерилип жатканына коомчулук дагы күбө болгон. Бирок, бул аракеттердин натыйжасы жакшы болгон жок. Умра сапарынан келген жарандардын айрымдары өткөрмө постторунан текшерүүгө каршылык көрсөтүшүп, айрымдары текшерүүгө алынбай эле, үйлөрүнө тарап кетишкен.

12-мартта Умрадан 150 жаран келген. Аларды тесттен өткөрүп, үй карантинен алышкан. Алгачкы коронавирус жуктурган 3 адам ушул жарандардын арасынан табылган. Эрежеге ылайык булар обсервацияга жаткырылышы керек болчу. Көңүл кош, шалаакы мамиле жасалган.

Эскерте кетсек, Умра сапарынан канча адам келгени, алар өлкөгө качан кирип, канча адам менен байланышта болгону саламаттыкты сактоо кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынган эмес. Адатта, ажы сапарына баруучуларга жашаган жерлеринен прививка алышат. Ошондо ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ажыга баруучулардын тизмеси болууга тийиш.

  Алтынай Өмүрбекова баштаган жыйындарда коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам штаб жарандарды эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырган жана коронавирустун катталбаганын жеңиш катары баалашып, негизги даярдыктар тууралуу маалыматтар коомчулукка берилген эмес.

Андан кийинки кадам, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык, республикада жакынкы арада пландалган көп сандагы адамдардын катышуусундагы маданий-массалык иш-чаралар токтотулган. Бул сунуштама өлкөнүн баардык аймактарында иштеп баштаган.

Дагы бир кызык жагдай, 15-февралда вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы, 2020-жылдагы милдеттери боюнча өткөрүлгөн коллегиясына катышып, “илдеттерге профилактика жүргүзүүгө басым жасоо” тапшырмасын берет. Бирок, пандемияга айланып бараткан коронавируска тиешелуу тапшырмалар эмнеге берилген эмес деген суроо туулат? Бул апаатка каршы саламаттыкты сактоо тармагынын даярдыгы адамдардын өмүрү менен бааланып зор мааниге ээ болуп жатканда бул жыйында маселе каралбаганын кантип түшүнсөк болот? Кайдыгерлик эмей эмне болуп бааланат.

Республикалык штабдын 18-февралдагы жыйынында саламаттыкты сактоо министри К. Чолпонбаев карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалганын жана эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендер жарандардын ар бири термометр жана жогору дем алуу жолдорунун үлгүлөрү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөнүн билдирет.

Министр мырза андан ары “изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн Улуттук вирусологиялык лаборатория даярдалганын, ал эл аралык стандарттарга дал келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат. Изилдөөлөр үчүн зарыл нерселердин баары бар, лабораториялар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Вирусту аныктоо үчүн кошумча экспресс тесттер алынууда» деген маалыматтар менен баарыбызды ишендирет. Эгер министр маалымдагандай иш-аракеттер жүрсө коронавирус күн сайын өлкөгө жайылбайт эле.

Мындай билдирүүдөн толук бир ай кийин, 18-мартта алгачкы коронавирус жуктургандар катталат. Өлкөгө 25-марттан баштап өзгөчө абал, коменданттык саат режими киргизилет. Абал күн сайын курчуп баштайт. Чет өлкөдөн келген жарандардар ооруну жуктуруп келип, чек арадагы пункттардан тиешелүү деңгээлдеги текшерүүдөн өтпөй туруп, үйлөрүнө барышып, дагы үй-бүлө мүчөлөрүнө жугузуп, оору жайылып баштайт.

31-март күнү коронавируска каршы күрөшүү маселесин Коопсуздук кеңешинин тар курамындагы жыйыны өтөт. Анда өлкө башчы январь айында саламаттыктык сактоо министрлигине берилген Коопсуздук кеңешинин сунуштары аткарылбаганын, оорунун алдын-алуу боюнча иш-аракеттердин жасалбаганын, даярдыктардын жоктугун, социалдык тармактын ишинин шалаакылыгын сынга алып, Өкмөт башчыга “өзүңүздүн орун басарыңыздан баштап, министрден баштап тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүңүз, баа бериңиз” деп сунуштайт.

Ошентип, Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев таажывируска каршы күрөштөгү шалаакылыктары үчүн кызматтарынан бошотулду.

Учурда социалдык тармактарда Алтынай Өмүрбекованын кызматтан алынышын өтө коркунучтуу көрүнүш катары баа берген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү байма-бай пикирлерин жазууда. Ооба, бейөкмөт уюмдар социалдык тармактын өнүгүшүнө кайсы бир деңгээлде жардам берип келе жатат. Алсак, балдардын, аялдардын  укуктарын коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, мигранттардын укуктары ж.б. маселелерде иштерди жасап келет. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө искусство музейиндеги коомду дүрбөткөн “жылаңачтануу” көргөзмөсү, андан кийин 8-мартка карата аялдардын укугун коргойбуз деп “мен төрөбөйм, чай куйбайм, менин денем меники” деген улуттук баалуулуктарга, салт-санаага, маданиятка каршы келген иштерди жасап, катуу сынга кабылышкан.

Эми ушундай иш-аракеттери менен белгилүү болгон бейөкмөт уюмдар бүгүн Алтынай Өмүрбекованы колдоп, коргоп чыкканын кандай түшүнөбүз?

Эгер бул бейөмөтчүлөр өлкөдөгү абалга чындап күйүп жатышса, элге жардам берүүчү долбоорлорду жазып чет өлкөлүк донорлорунан каражаттарды алып, дал ушул социалдык тармакка кол кабыш кылбайт беле?

Жоок, антишпейт. Тетирисинче экс-вицеге жан тарткан болушуп, кайдагы бир техникалык иштерди жасаганын жазып, социалдык тармактагы кемчиликтерди санап отурушат.

Айта берсең арман көп. Акыркы убактарда Алтынай Өмүрбекова өзү тейлеген социалдык тармактагы көйгөйлөрдү чечүүдө тизгинди тарта албай жатканына күбө болдук.