Калктын аярлуу катмарына жардам берүү иши ыкчам жана тегиз чечилиши кажет. Биринчи вице-премьер-министр бул жаатта жергиликтүү бийлик органдары оперативдүү иш алып баруусун талап кылды.

«Аярлуу катмардагы тургундар жардамдардан четте калбоосуна өзгөчө көңүл бурууга чакырам. Азык-түлүк каражаттары жарандардын каттоосуна көз каранды болбостон, ар-бир жарандын жашаган жери боюнча такталып, жардамга чыныгы муктаждарга таркатылуусу керек. Элге жардам таркатууда түшүндүрүү иштери жетишерлик деңгээлде жүргүзүлүшү тийиш», — деп белгиледи ал.

Ошол эле учурда Кубатбек Боронов шаар четиндеги тургундар банкоматтардын жетишсиздигинен борборго келүүгө муктаж болуп жаткандыгын белгилеп, бул маселени чечүү үчүн коммерциялык банктар менен тийиштүү иш алып барууну тапшырды жана калкты социалдык жактан камсыздоо органдары пенсия-жөлөк-пулдарды өз учурунда жергиликтүү почта кызматы аркылуу жарандарга даректүү жеткизип берүү иши так аткарылуусу тийиштигин белгилегендигин Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.