Биринчи вице-премьер-министр аймактардагы штаб жетекчилерине жер-жерлерде иштеп жаткан медициналык жана милиция кызматкерлерине оору жуктуруп албоо маселесине басым жасоо керектигин эскертти.

«Тобокелдик зонасында иштеп жаткан медициналык жана милиция кызматкерлерин, ошондой эле оору жуктуруу тобокелчилиги бар башка бардык кызмат өкүлдөрүн ооруу жуктуруп алуу коркунучунан сактоо иретинде толук шарттар түзүлсүн», — деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министрлигине жасалма дем алдыруу аппараттары менен жетиштүү көлөмдө камсыздоону уюштуруу ишин улантуусу тапшырылды. Ошондой эле оорулуу менен катнашта болгон жактарды өзгөчө көзөмөлгө алуу иштерин ыкчамдатуу тапшырмасы берилди. «Медициналык кызматкерлерге шарт түзүлүп, алар күнү-түнү иштеп, бир күндүн ичинде дартты аныктап чыгуу иши колго алынышы керек», — деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.